28-февралга карата аба ырайы

28-февралга караган түнү кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. 28-февраль, жума күнү, күндүз жаан, кар жаайт. Эртең менен жана түнкүсүн айрым жерлерге туман түшөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Таласта -2...+3, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көл аймагында 0...+5, Нарын өрөөнүндө -4…+1 градус жылуу болот.
Борбор калаа Бишкекте жаан карга айланып 0...-2 градуска чейин суук болсо, Ош шаарында жамгыр жаап, күндүн табы +11...+13 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкекте миңге жакын картаң бак-даракты кыюу пландалууда