Бишкекте 6-12-апрель күндөрү күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт. Мелдештерде жалпысынан медалдардын 24 топтому ойнотулат. Бишкекте буга чейин чоңдор арасында Азия чемпионаты үч ирет - 2007, 2018 жана 2024-жылдары өткөн. Ири континенталдык спорттук мелдешке даярдык, курама командалардын окуу-машыгуу жыйындары, 2026-жылдагы спорттук турнирлер, пландар тууралуу КРдин күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти Болотбек Ашыралиев айтып берди.