Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Элдар Жакыпбековдун иши. УКМК канча кызматкери иштен алынганын кабарладыЕАЭБ өлкөлөрүндө ири мүйүздүү малдын этин ташууга жеңилдик киргизилдиСадыр Жапаров мамлекеттик кызматка кадр алууда тартип катуу болушун айттыМамлекеттик кызматтарга жумушка алууда өкүл балам, жээним, таякем, кудам, аяш үкөм же жердешим деген мыйзамга жат, одоно катачылыктар болбошу керек! Мындай эскертүүнү мамлекет башчы Садыр Жапаров өкмөт мүчөлөрү менен өткөргөн жыйында берди.Жапаров ушундай адилетсиз учурлар болсо мыкты жетекчи экенине карабай жазасын аларын, бийликтин бир да бутагы саясий оюндар үчүн же жеке кызыкчылыгын таңуулоо үчүн түзүлбөгөнүн билдирди. "Саясий оюндар менен алектенүүгө жол берилбейт. Анткени ал башаламандыкка, сенектикке, чыр-чатакка жана элдин ишенимин жоготууга алып келет. Бүгүн саясий интригаларды биякка коёлу, ката кетирүүгө да акыбыз жок. Ар бир жетекчи, ар бир кызматкер өзүнө жүктөлгөн милдети менен гана алек болушу керек", — деген ал.
Евразия экономикалык комиссиясы 2026-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнө импорттолуучу бодо мал этинин айрым түрлөрүн бажы төлөмүнөн бошотту. Кеп товарды төмөнкү көлөмдө алып кирүү мүмкүнчүлүгү тууралуу болууда: Кыргызстан — 5 миң тоннага чейин; Россия — 100 миң тоннага чейин; Армения — 7,5 миң тоннага чейин; Беларусь — 7,5 миң тоннага чейин; Казакстан — 5 миң тоннага чейин. "Бул бажы-тарифтик чара этти кайра иштетүү тармагын колдойт, ички рынокко зыян келтирбейт жана мал чарбачылыгындагы инвестициялык долбоорлорго кошумча тобокелдиктерди жаратпайт", — деди ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев. Ал белгилегендей, буга чейинки тарифтик жеңилдиктер калк үчүн эт азыктарынын жеткиликтүү кылып, баанын өсүү темпин кармоого жардам берген. Союзга мүчө өлкөлөрдө ири мүйүздүү малдын этинин жетишсиздиги көбүнчө Латын Америкасы жана Индиядан келген эттин эсебинен толукталат. Чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, эл ичинде Эду деген каймана ат менен белгилүү Элдар Жакыпбеков кармалгандан кийин жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгын кабарлады. Ага ылайык, төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынган: 6 кызматкер улуттук коопсуздук органдарынан бошотулду 6 кызматкер ээлеген кызмат ордунан алынып, УКМКнын карамагынан чыгарылды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде кызмат өтөөдөн бир талапкер четтетилди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин 8 кызматкерине тартиптик жаза чаралары көрүлдү Учурда коррупциялык топко тиешеси бар УКМКнын башка кызматкерлерин аныктоо боюнча иштер уланууда.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР:Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 103 сом 22 тыйынга юань 12 сом 79 тыйынга рубль 1 сом 13 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 73 сом 40 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 78 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 77 сом сом 80 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом, 50 тыйындан сатылууда
АБА ЫРАЙЫ28-февралга караган түнү кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 28-февраль, жума күнү күндүз жаан, кар жаайт. Эрте менен жана түнкүсүн айрым жерлерге туман түшөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Таласта -2...+3, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көл аймагында 0...+5, Нарын өрөөнүндө -4…+1 градус жылуу болот. Борбор калаа Бишкекте карга айланган жаан жаап 0...-2 градуска чейин суук болсо, Ош шаарында жамгыр жаап, күндүн табы +11...+13 градуска чейин көтөрүлөт.