Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
2025-жылы 1 миң 545 чакырым жолго асфальт төшөлгөнКыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода жүгүртүү $16 млн аштыПрезидент аймактарда чечимдерди аткаруунун чабалдыгын сындадыПрезидент Садыр Жапаров "Ынтымак Ордодо" өткөн республикалык кеңешмеде жогорку аткаруу бийлигинде кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жер-жерлерде чабал жүрүп жатканын белгиледи. "Мунун так себептерин өз учурунда аныктап, тиешелүү чара көрүлбөсө, бүгүнкү күндө жетишилген өнүгүү темпи кайрадан басаңдап кетет. Биз буга жол бербешибиз керек. Ошондуктан облустардагы өкүлчүлүктөр, райондук жетекчилер жана айыл өкмөттөрү менен ыкчам, тыгыз кызматташууну колго алышыңыздар керек. Биз башкаруунун ачык-айкын, натыйжалуу жаңы системасын курушубуз керек. Ар ким өз милдетин так аткарган жерде баш аламандыкка, коррупцияга же бюрократиялык кысымга жол берилбейт. Ушундай тартип менен гана бардык максаттарды ишке ашырып, мамлекетке болгон ишенимди бекемдей алабыз жана Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүн камсыздайбыз", - деди өлкө башчысы.
2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 16 млн доллардан ашты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин Тышкы байланыш башкармалыгынын башчысы Улукман Максүтов түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, 2021-2025-жылдар аралыгында эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү дээрлик эки эсеге өсүүдө. “Импорт да көбөйүүдө, биздин импорттогу негизги тармагыбыз болуп фармацевтикалык товарлар эсептелет. Ал эми экспортту алып карасак, айыл чарба продукциясы экспорттун негизги көлөмүн түзөт. Айыл чарба продукциясын, кайра иштетилген продукцияларды экспорттоо боюнча бир нече иштерди алып баруудабыз. Азыркы учурда Пакистан өлкөсү биздин буурчак менен пиязга болгон кызыкдарлыгын билдирди. Бул багытта да тийиштүү иштерди алып барып жатабыз”, - деди Максүтов.
2025-жылы 1 миң 545 чакырым жолго асфальт-бетон төшөлүп, 2024-жылдын көрсөткүчүнөн эки эсе көп болгон. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков республикалык кеңешменин жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, республикалык бюджеттен жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө 43,4 млрд сом каралган. “Балыкчы-Кочкор темир жолу Кочкор станциясына чейин жеткирилип, 43 км негизги конструкциялар курулду. 2025-жылдын август айында узундугу 150 км болгон Барскоон-Бедел автожолунун курулушу башталды”,- деди Акунбеков.
Бишкек шаарында атмосфералык абадагы зыяндуу заттардын суткалык орточо көлөмү белгиленген ченемден ашты. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 20-февралдан 26-февралга чейин жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында булгануучу заттардын орточо суткалык концентрациясы чектүү деңгээлден 2 эсеге чейин ашкандыгы аныкталды. Эскерте кетсек, атмосфералык абанын булгануусунун негизги булактары катары автоунаалардан чыккан түтүн, жеке сектордогу жылытуу системалары жана метеорологиялык шарттар аталып келет.
Кыргыздар тууралуу даректүү тасма тартылып, Лондондо бет ачары өттү Тасманы тартууга кеткен каражаттын жарымы же 45 млн сом өлкө бюджетинен бөлүнгөн. Калган акчаны фильмдин продюсерлери тапкан. Чыгармада кыргыздардын байыркы турмушу менен азыркысынын айкалышы көрсөтүлөт. Маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев долбоордун аркасы менен өлкөгө турист тартуу максат кылынганын белгиледи.