Өлкөдө турак жайды милдеттүү камсыздандыруу шарттарын өзгөртүү сунушталууда. Экономика жана коммерция министрлиги камсыздандыруу төлөмдөрүн берүү босогосун төмөндөтүүнү демилгелеп, жер титирөө 6 балл эмес 5 балл болгондо, шамалдын ылдамдыгы 25 м/сек эмес 20 м/сек болгондо төлөм берүү сунушун киргизди. Ошондой эле катуу жаан-чачын 150 мм болгондо жана мөндүрдүнкөлөмүнө карабастан кенемте төлөө каралууда. Бул өзгөртүү кабыл алынса, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму кенемтени төлөп бергенге кудурети жетет. Ошентип, жарандардын турак жайы жабыркаганда кенемте төлөм алуу укугу кеңейет. Азыркы мыйзамга ылайык, жер титирөө 5 балл болсо, жабыркаган турак жай үчүн төлөнүп берилбейт. Бирок ага карабастан өкмөт төлөп берген учурлар бар. Ошондуктан бул өзгөртүулөрдүн болгону дурус. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Бактыгул Абдыжалиев жана Экономика жана коммерция министрлигинин камсыздандыруу ишин жөнгө салуу бөлүмүнүн башкы адиси Сезим Соодокеева айтып беришти.