Улуттук банк жыл башынан берки эң ири интервенциясын жүргүздүБайсалов 2020-жылдан бери өлкөдө эмгек акы кыйла жогорулаганын билдирди"Чубактын кунундай эле". Жапаров Өзбекстан жана Тажикстан чек ара маселеси тууралуу билдирүү жасадыӨзбекстан жана Тажикстан менен мамлекеттик чек ара маселелерин чечүү оңой-олтоң болгон жок. Бул туурасында президент Садыр Жапаров республикалык кеңешмеде айтты. Акыркы беш жылда мамлекет үчүн эң татаал, жан кейиткен жана аялуу болуп келген чек ара маселесин жыйынтыктап, жөнгө салууга жетишкендигин айтты. Мамлекеттин башчысы бул иштерге саясий эрк талап кылынгандыгына токтолду. "1990-жылдардын башынан бери Чубактын кунундай чубалып келген чек ара маселесине чекит коюлуп, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүү этаптарынын дагы бири катары ийгиликтүү жыйынтыкталды. Муну мен толук жоопкерчилик менен айта алам", — деди Жапаров.Мындай маселелерде жети өлчөп, бир кесип, эң негизги критерий — улуттук кызыкчылык менен жана экинчи тарапты да уга билип, тыкыр иш жүргүзүлгөнүн кошумчалады.
Ошондой эле бул жыйында Садыр Жапаров ипотекалык турак жай курууга быйыл 400 млн доллар бөлүнөрүн билдирди. Анын айтымында, бул каражаттын 200 млн доллары түштүк аймактарга, 200 млн доллары түндүк аймактарга бөлүнөт. "Былтыр дагы ушундай кылганбыз. Анткени, калктын саны эки жакта тең бирдей, ошондуктан эки тарап тең бирдей өнүгүшү керек. Биз ипотекалык саясатта эле эмес, бүтүндөй акча бөлүштүрүүдө ушундай теңме-тең бөлөбүз", - деди мамлекет башчысы.
Кыргызстанда соңку жылдары эмгек акы мурдагыга караганда кыйла жогорулады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Ынтымак ордодо" өтүп жаткан республикалык кеңешмеде билдирди. Минкаб төрагасынын орун басары, экономикада мурдагы темп уланганда азыр орточо айлык 44,5 миң сом эмес, 23,6 миң сомду түзмөктүгүн билдирди. "Пенсия болсо мурдагы темп менен 11 миң сом эмес, 7300 сом болмок. Баалар баары бир геосаясаттык факторлордун негизинде өсмөк", — деди Байсалов.
Кечээ Улуттук банк жыл башынан берки эң ири интервенциясын жүргүздү. Банк валюта рыногуна 162,55 миллион доллар саткан. Банктын маалыматына ылайык, бул — жыл ичиндеги валюта сатуу боюнча үчүнчү операция. Жалпы жонунан 406,55 миллион доллар сатылган. Мындай кадам менен мекеме чет элдик акчанын тартыштыгын толуктап, өзгөрүлмө режим учурунда сомдун наркын туруктуу кармап турууну көздөйт.
Баткен облусундагы "Кызыл-Кыя автожолу" фитосанитардык текшерүү постунда Өзбекстандан импорттолгон 28 миң 762 түп көчөт артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Текшерүү учурунда жүктүн таңгагында ЕАЭБдин фитосанитардык талаптарына ылайык милдеттүү түрдө болушу керек болгон маркировка (продукциянын аталышы, өндүрүүчү өлкө ж.б. маалыматтар) жок экени аныкталган. "Бул Евразия экономикалык комиссиясынын №157 чечимин бузуу болуп саналгандыктан, жүк кайра Өзбекстанга артка кайтарылды", - деп айтылат маалыматта.