Өлкөдө Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 17-февралда башталып, 2-апрелге чейин уланат. ЖРТ 2002-жылдан бери өлкөдөгү бардык жогорку окуу жайларына тапшырууда милдеттүү болуп эсептелет. Тестирлөөнү Билимди баалоо жанаокутуу усулдары борбору өткөрөт. Каттоого 11-класстын окуучулары, орто кесиптик окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү жана жогорку билими жок жарандар катыша алышат. Жогорку билими бар адамдар да айрым шарттар менен тест тапшыра алат. Быйылкы талаптарга ылайык, айрым колледждерге кабыл алуу да ЖРТнын жыйынтыгы менен жүргүзүлөт. Бирок бул 11-класстын окуучуларына гана тиешелүү.
Бүгүнкү эфирибизде ЖРТга каттоо, анын тартиби тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева, Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айчолпон Жумагазиева жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жогорку орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки башкармалыгын башчысы Айнура Исираилова кеп кылышты.