Кыргызстандын бренди: VI Көчмөндөр оюндары жана жаштардын салымы

Sputnik
Кыргызстанда көчмөн цивилизациясынын мурасын сактоо жана даңазалоомамлекеттик деңгээлдеги маанилүү багыттардын бири болуп калды. Айрыкча улуттукспорт түрлөрүн, салттуу маданиятты жана этнофестивалдарды дүйнөгө таанытуумаксатында өткөрүлүп келе жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өзгөчө мааниге ээ. Адистердин айтымында, бул иш-чараспорттук мелдеш гана эмес, маданий дипломатиянын эффективдүү куралы болупсаналат. Көчмөндөр оюндары аркылуу өлкөнүн туристтик потенциалыартат, улуттук бренд бекемделет жана жаш муундардын тарыхка болгон кызыгуусукүчөйт. Мындантышкары, мындай масштабдуу долбоорлор жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, ыктыярчылык, уюштуруучулук жана эл аралыктажрыйба топтоого шарт түзөт.
“Күн башат” программасыныналкагында уюштуруучулар тобунун өкүлдөрү VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын мааниси, ыктыярчыларды кабылалуунун шарттары, талаптар, иш багыттары, жаштардын ролу тууралуу кеңири маалымат беришти.