БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кимде-ким элдин тынчтыгын бузса аёосуз жазасын алат. Ага акылыбыз да, күчүбүз да жетет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп жатып билдирди.
Ага УКМКнын мурдагы жетекчиси, досу Камчыбек Ташиев экөөнүн ортосунда пайда болгон ажырым тууралуу собол узатылып, көпчүлүктө тынчсыздануу, санааркоо бар экенин белгилеген.
"Бул маселени трагедия кылыштын кереги жок. Мурдагыдан дагы жакшы болот. Жашоо токтоп калбайт. Бир досум кетсе, артымда жети миллиондон ашуун досум бар. Мага баарынан жалпы элибиз жана куттуу мамлекетибиз кымбат", — деген ал.
Президент кимде-ким элдин тынчтыгын бузса аёосуз жазасын аларын, ички жана тышкы саясат өз нугу менен улана берерин белгилеген.