БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Киев бийлигинин майдандагы иштери канчалык начарлаган сайын алардын россиялык жай жарандарга болгон чабуулдары ошончолук көп болууда. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды.
"Россия сегодня" маалымат борборунда Украинанын неонацисттеринин кылмыштары боюнча Эл аралык коомдук трибунал "Киев бийлигинин кары-картаңдар боюнча жасага нкылмыштары" деп аталган баяндамасын жасады.
"Киев режиминин дарамети согуш талаасында начарлаган сайын алардын россиялык жай жарандарга болгон чабуулдары ошончолук көп кездешип жатат", — деген Захарова.
Дипломат аталган бийликтин улгайгандарга жасаган кылмыштары эми россиялык тартип сакчылары, укук коргоочулар менен эл аралык алкакта талкуулана турган иштерден экендигин айтты.
"Жазадан эч ким качып кутулбашы керек. Бизди улуулар бала чактан бери эч ким, эч нерсе унутулбай тургандын айтып, тарбиялаган", — деген РФ ТИМинин өкүлү.