БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө эмгек мигранттарын колдоо чараларын кеңейтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Комиссия биримдикке мүчө мамлекеттердин бийлик органдары үчүн сунуштарды даярдады. Бул сунуштар эмгек мигранттарын колдоо жана эмгек рыногун жакшыртууга багытталган.
Эмгек мобилдүүлүгү — бул адамдардын жумушка орношуу үчүн иш ордун, кесибин же жашаган аймагын өзгөртүүгө болгон жөндөмдүүлүгү жана даярдыгы.