Автоунааларды кайра каттоо 1-апрелден тарта "Түндүк" аркылуу онлайн жүргүзүлөт

Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Автоунааларды кайра каттоо 1-апрелден тарта "Түндүк" аркылуу онлайн жүргүзүлөт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Аткаминер Ош шаарына барып, унааларды каттоо борборунун ишин көргөн. Анын айтымында, унааларды алып-сатууну онлайн жүргүзүүгө болот.
Туманбаев ошондой эле мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү жыл соңуна чейин алмаштырууга болорун, бул кызмат да аралыктан жеткиликтүү экенин кошумчалады. Мындан тышкары, документтерди жана номерди үйгө чейин жеткирип берүү кызматы ишке кирет.
Эскерте кетсек, буга чейин министрлер кабинетине карап келген Транспорттук каражатты жана айдоочулук курамды каттоо мекемеси ("Унаа" ишканасы) жыл соңу менен президенттин алдындагы мамлекеттик борбор болуп кайра түзүлүп, өлкө башчынын иш башкармалыгы тескемей болгон.
Автомектепте жакшы окугандар 4 айдан кийин айдоочулук күбөлүк алышы мүмкүн