Алгач 1595-жылы Тулага от менен атыла турган курал жасаган усталардын 30дай үй-бүлөсү көчүрүлүп келген. 1632-жылы голландиялык соодагер Виниус Туланын жанында темир иштетүүчү завод негиздеген. Ал эми 1652-жылы Ченцово айылынын жанында голландиялыктар Акима менен Марселиус ар кандай курал-жарактарды чыгаруучу башка заводду курат.
Курулуш жүргүзүү укугу үчүн чет элдиктерге орус усталарын завод иштерине үйрөтүүгө туура келет. 1700-жылга карата Тула чеберлери миңден ашуун адамга жетип калган.
Заводдун жылдызы жанган учуру. 1812-жылдагы согушта орус армиясы үчүн дээрлик бардык куралдар дал ушул Тула курал-жарак заводунда даярдалган.
Орус курал жасоо өнөрүн өргө чыгарган ойлоп табуучулардын бири заводдо 20 жылга чукул иштеген Сергей Мосин эле. Ал 1891-жылы куралдарды катарына кошулган элде "трёхлинейка" деп аталган жөнөкөй жана өтө пайдалуу мылтыктын автору болгон. Кийин анын ордуна Токаревдин колунан чыккан өзү дүрмөттөлүүчү, ушул эле заводдон жасалган курал келет.
Туланын инженерлери британиялык курал жасоочулардын тажрыйбасын бир жарым ай үйрөнүп, өздөштүрүп, Максима пулемётторун аталган заводдо жасоого болот деген бүтүмгө келишет. Биринчи курал 1904-жылдын аяк ченинде даяр болуп, 1905-жылы жасап чыгарыла баштайт.
Пастухов мененТретьяков аны кайра карап, жаңылап, алыска атылгандай, жөнөкөй жана ишенимдүү кылып колдонууга чыгарат. ТТ тапанчасын ойлоп табуу 1929-жылы башталган. Бул кадам чет элдик мындай куралдардан баш тартуу чечими кабыл алынгандан кийин ташталат. Сынакта конструктор Фёдор Токарев иштеп чыккан вариант жактырылган.
Тулалык чеберлер өзгөчө куралдардын үлгүсүн жасап чыккан. Алардын башында ата турчу портсигар, автомат-амфибия жана космонавттар үчүн делген космостук тапанча (ТП-82) турат.