БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Украинага насыя берүүгө макулдук бербей Евробиримдиктин ичинде тереңге кетчү кризис жаратканын Politico басылмасы жазды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
"Өткөн жумада Орбан Киевди колдоо планына каршы чыгып, акыркы жылдары боло элек чоң каатчылыкты шарттады", — деп айтылат макалада.
Белгилей кетсек, январдын соңунда Венгрия менен Словакия Украина транзитти токтотуп салгандыктан "Дружба" түтүгү аркылуу газ ала албай калышкан. Түтүк Альметьевскиден башталып, Брянскиден өтөт да, түндүк жана түштүк тарапка тарайт.
ЖМКлардын маалыматы боюнча, Киев режими объектилер "россиялык чабуулдан" улам бузулган деген шылтоо менен түтүктүн ишин жандандыра элек. Буга жооп кылып Будапешт ЕБдин кезектеги антироссиялык санкциялар пакети менен Украинага бөлө турган 90 миллиард евролук насыяны бөгөттөп, дизель экспортун токтотту. Ал эми Братиславадан Киевге электр энергиясы келбей калды.
Венгрия ТИМинин башчысы Петер Сийярто Киев өз кадамдарын ойлоп табылган саясий себептер менен түшүндүрүп жатканын белгиледи. Министрдин айтымында, газ өткөрбөй коюуга эч кандай техникалык негиз жок.