Медербек Алиев ЖК төрагасынын биринчи орун басары болуп шайланды

Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Медербек Алиев Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары болуп шайланды.
Анын талапкерлигин 74 депутат колдоп берди.
Белгилей кетсек, кечээ социалдык тармактарда ЖК төрагасынын биринчи орун басары Чыңгыз Ажибаев депутаттык мандатын тапшырды деген сөз тараган. Эл өкүлүнө чалып сураганыбызда маалымат так эместигин, азырынча андай чечим чыга электигин билдирген. Бүгүн, 26-февралда, Чыңгыз Ажибаев орун басарлык кызматын тапшырды.
Жогорку Кеңеш президент сунуштаган эки министрге макулдук берди