БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кыргызстан Кытайдан унаа импортун кыскартып, Түштүк Кореядан көбүрөөк ташый баштады. Маалыматты Улуттук статистика комитети таратты.
Былтыр өлкө аймагына 60тай өлкөдөн 139 миң жеңил автоунаа киргизилген. Анын 60 миңи Түштүк Кореяга туура келет (2024-жылга салыштырмалуу +15,8 миң). Кытайдан 49,5 миң машина ташылган (-17,2 миң).
Кызыгы, Түндүк Кореядан бир автоунаа келген.