БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Албанияда өтүп жаткан Muhamet Malo 2026 деп аталган күрөш боюнча турнирдин кечээки күнүндө кыргызстандык спортчулар бир алтын жана бир күмүш медаль утту.
Эрназар Акматалиев (70 кг) америкалык Алек Панталеону 3:2 эсебинде жеңип алды. Буга чейинки жарым финал үчүн кармашта акыркы төрт секундада атаандашын жеңип алганга үлгүрүп, көптөрдү таң калтырган.
Ал эми экинчи балбан Орозбек Токтомамбетов (74 кг) финалдык беттешке чыгып күмүш утту. Чемпиондук үчүн ирандык Юнес Эмами менен күч сынашып, жеңилип калды.
Албаниядагы Бириккен күрөш дүйнөсүнүн бул эл аралык турнири 1-мартта аяктайт. Ага күрөш боюнча төбөсү көрүнгөн кыргызстандык спортчу кыз-жигиттердин көбү катышмакчы.