Шаардык сот Имамидин Ташовдун ишин биринчи инстанцияга кайтарды

Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бишкек шаардык соту ишкер Имамидин Ташовдун ишин биринчи инстанцияга кайтарды. Бул тууралуу аталган соттон билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү. Анткени материалдарда айыпталуучунун былтыр 30-декабрдагы апелляциялык даттануусу жана өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүчү жок болгондуктан, жол-жоболоштуруу үчүн иш биринчи инстанцияга кайтарылган.
Аталган даттануу жана өтүнүч Биринчи май райондук сотунун кеңсесине келип түшкөнү менен кылмыш ишинин материалдарына тиркелбей калган.
Эскерте кетсек, 2024-жылы KG Group компаниясынын башчысы Имамидин Ташов бийликти күч менен басып алууга даярдык көрдү деген шек менен камакка алынган.
Өткөн жылы Биринчи май райондук соту мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыраткан.
Башкы прокурордун мурдагы орун басары 12 жылга кесилип, мүлкү мамлекетке өттү