БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Министр Таалайбек Ибраев энергетика тармагында энергетиктер, электриктер, ширетүүчүлөр, электр жабдууларын тейлөөгө адистешкен техникалык кадрлар абдан маанилүү экенин айтып, жаштарды ушул багытта билим алууга үндөдү.
Ибраев өлкөнүн энергетика тармагы реформаланып, инфраструктуралык долбоорлор ишке ашып жатканын белгилеген. Мындан улам энергетика тармагында квалификациялуу кадрларга муктаждык күч экенин, мындан ары да күчөй берерин кошумчалады.
"Бул адистерсиз жаңы ГЭСтердин, электр тармактарынын иши мүмкүн эмес. Туруктуу, жакшы жумушту кааласаңыздар энергетика тармагы сиздер үчүн чоң мүмкүнчүлүк берет. Энергетика — өлкөнүн жүрөгү, ансыз өнүгүү жок. Өлкөдөгү профессионалдык жогорку окуу жайларынан сапаттуу билим алып, практикадан өтөсүздөр. Ар бир бүтүрүүчүнү иш менен камсыздоого даярбыз", — деди Ибраев.
Министр мектепти аяктап жаткандарды терең ойлонуп кесип тандоого чакырды.