"Газпром" "акылдуу" эсептегичи бар абоненттердин карызы боюнча акцияны узартты

Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" акылдуу эсептегичтери туура эмес көрсөткөн абоненттерге жай мезгилине чейин туум кошпойт. Бул туурасында аталган компаниядан кабарлашты.
Акция былтыркы жылдын соңунда топтолгон карызы барларга гана тиешелүү. Өнөктүк мартта бүтмөк, бирок майдын соңуна чейин узартылды.
"Бул 2025-жылдын декабрынын аягына карата биллинг системасына маалымат берүүдө чыккан мүчүлүштүктөн пайда болгон карыздан улам болду. Анда газдын канча пайдаланылганы боюнча маалымат алынбай калгандыктан, компания 2024-жылдын ушул эле мезгилиндеги орточо же эсептик көлөмдөрдүн негизинде эсеп-дүмүрчөктөрдү чыгарган. Айрым абоненттерде эсептер төмөн же нөл болуп чыккан", — дешти мекемеден.
Ошол эле учурда эсептегичтер газдын керектөөсүн так эсептөөнү уланткан. Мүчүлүштүк жоюлгандан кийин мурда эсепке кирбеген көлөмдөр эске алынып, абоненттерге жаңы дүмүрчөктөр берилгенин айтышты. Күзүндө керектөөсү төмөн көрсөтүлгөндөр январь айында күтүлгөндөн жогору эсептерди алган.
"Абоненттерге кандайдыр бир арыз жазуунун кереги жок, акция тиешелүү болгон абоненттер үчүн туум дароо эле токтотулган. Эгерде карыз жакынкы айларда төлөнбөсө, 1-июндан тартып туум кайрадан эсептеле баштайт", — деп кошумчалашты компаниядан.
"Газпром Кыргызстан" карыздар боюнча туумду 3 айга токтотот. Себеби