Электросамокат тебүүдө жол эрежесин бузгандарга чектөө киргизүү сунушталды

Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриясы электросамокат тебүүдө жол эрежесин бузгандарга аны ижарага алууда чектөө киргизүүнү сунуштады.
Мэриянын өкүлдөрү шаарда самокаттарды ижарага берүү кызматын көрсөткөн компаниялардын өкүлдөрү менен жыйын өткөргөн. Анда эреже бузган колдонуучуларга карата мобилдик тиркеме аркылуу ижарага алууну убактылуу же толук чектөө киргизүү зарылдыгы белгиленген.
Мэрия борбор калаанын тургундарын жана конокторун самокат, скутер жана башка каражаттарды колдонууда коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат. Бул шаардык чөйрөдө өз ара урмат-сыйды жана мыйзамдуулукту калыптандырууга өбөлгө түзөт.
Бийлик электросамокаттарды колдонуу тартибин бекитти