БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Чыңгыз Ажибаев Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары кызматын тапшырды. Бул тууралуу жыйында төрага Марлен Маматалиев билдирди.
"Чыңгыз Иляскожоевич менен VII чакырылышта жакшы иштештик. Спикер болгондон кийин 10 күндөй иштешип, кыска убакытта өзүн кесипкөй катары көрсөттү. Аны башка тармакта ийгиликтер күтүп турат деп ишенем", — деди ал.
Анын ордуна жаңы вице-спикерди шайлоо күн тартибине киргизилди.
Эске салсак, кечээ Ажибаев мандатын тапшырды деген сөз интернет аймагына тараган. Депутатка чалып сураганыбызда маалымат так эместигин, азырынча андай чечим чыга электигин билдирген эле.