Телефон шылуундарына 22 млн. сомун которгон аял. Шектүүлөр кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бишкектин тургуну 22 миллион сомун телефон шылуундарына алдатып жиберди. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициядан билдиришти.
1 / 2

Алдамчылыкка шектүүлөр

2 / 2

Алдамчылыкка шектүүлөр

Маалыматка ылайык, шектүүлөр Ч.Г. аттуу жаранга өздөрүн УКМК, ИИМ жана Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырып, аны банкомат аркылуу картага 22 130 000 сом которууга көндүрүшкөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 24 жаштагы Т.Ж. жана 20 жаштагы К.Э. кармалып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бишкектин тургуну бир батирдин акчасын алдатып ийген. Шектүү кармалды