БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Мэрияга караган Транспорт департаменти Бишкектеги автобустардын каттамы кандай өзгөрөрүн Sputnik агенттигине түшүндүрүп берди.
Эскерте кетсек, буга чейин ордо калаадагы 72 каттамдын баарынын маршруту өзгөрөрү айтылган болчу. Мэрия мындан каттамдар ортосундагы убакыт кыскарарын белгилеген.
Департамент жетекчисинин орун басары Алмаз Алымбековдун айтымында, автобустардын бардыгы негизги көчөлөр менен жүргөндүктөн, коомдук транспорт тыгындын негизги себеби болууда. Эми жарымынын схемасы өзгөрүп, коомдук транспорттун көбү түз жана айлампа менен жүрмөкчү. Каттамдарды төмөнкүдөй кылып бөлүштүрүү каралып жатат:
автобустар шаарды аралап кыдырбай түз-түз кетет;
калаанын четин камтыган чоң айланма маршрут болот;
негизги көчөлөргө жанаша кеткен маршруттар ачылат;
учурда иштеп жаткан 72 каттамдын дээрлик теңи өзгөрөт;
автобустар жайкы эс алуу маалында жаңы схемага өтөт;
сөзсүз түрдө бир жолу транспорт которууга туура келет;
бир саат ичинде коомдук транспорт алмаштырса, экинчисин акысыз кылуу боюнча сунуш каралууда.
Мэрия 625 кичи көлөмдүү жаңы автобус сатып алды.