БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда 17 жаштагы кызынын кош бойлуу экенин билген энеси өзүн өрттөп жиберген. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Ага чейин Ак-Суу РИИБи 41 жаштагы аялдын кызынын кош бойлуулугу боюнча териштирүү баштаган. Келин "элдин бетин кантип карайм" деп суракка катышуудан баш тарткан.
Өмүрүнө кол салган аял ооруканада көз жумганы айтылды.