БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. АКШнын желеги менен Кубанын аймагына кирген катер чек арачыларга ок чыгарган. Бул туурасында РИА Новости аталганган өлкөнүн ИИМине таянып кабарлады.
Анын кесепетинен кубалык кеменин командири жаракат алган.
Министрликтин маалыматында, FL7726SH номерлүү катерди эртең менен Вилья-Клара провинциясындагы Эль-Пино каналынын түндүк-чыгышынан табышкан. Аны Кубанын Ички иштер министрлигинин чек ара аскерлеринин беш кишиден турган бөлүгү тоскон.
"Чоочун катерден кубалык кызматкерлерди көздөй атышкан. Чет элдиктердин төртөө жок кылынып, алтоо жаракат алган. Атышууда жарадар болгондор эвакуацияланып, медициналык жардам көрсөтүлдү", — деп маалыматта айтылат.
New York Times өзүнүн маалымат булактарына таянып, Кубанын суусуна Американын желеги менен кирген кеме күч түзүмдөрүнө жана Жээкте көзөмөл кылган полициясына да карабагандыгын жазган. Жаңжалга кабылган судно балык уулагандардыкы болсо керек дешкен.
Кубанын ИИМи өлкө аймагына Американын желеги менен кирип келген катердеги куралдуу 10 адам террордук ниеттерин моюнга алганын билдирген. "Коноктор" Кошмо Штаттарда жашаган кубалыктар болуп чыкты, алардын көбүнүн мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылганы айтылууда.
Мындан тышкары, бул куралдуу топтун шериги деп шектелген жаран да кармалган.
"Дуниэль Эрнандес Сантос аттуу жаран АКШдан курал менен кирип келген ыкманы ишке ашыруу үчүн жиберилгендигин мойнуна алды", — деп айтылат маалыматта.
Кошмо Штаттардын бийлигинен бул чатак боюнча үн ката башташты. Флорида штатынын баш прокурору Жеймс Утмайер иликтөө баштоого буйрук берген. АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Кубанын жээгинде болгон чатакка бийлик көз салып турганын айтты.
"Марко (Рубио, АКШнын мамлекеттик катчысы – ред.) бир аз мурдараак маалымат берди. Окуянын майда-чүйдөсүн азырынча билбегендиктен Ак үйдөн кабар күтөбүз. Биз байкоо салып турган бул окуя боюнча кырдаал сактана тургандай өтө эле курчуп кетти деп ойлобойбуз", — деген ал журналисттерге.
Рубио катердин чатакка катыштыгынын бар-жогун азырынча так айта албастыгын билдирди. "Адаттагыдан башкача" окуя болуп кеткенин айтып, Вашингтондун жооп кылып, кандай кадамдарга бара турганы боюнча божомолун айтуудан баш тарткан.
Ал эми Кубанын тартип сакчылары жээктеги диверсанттардан чабуул кое турган мылтыктарды, оптикалык мээлегичтерди, тапанчаларды, "Молотов коктейлин", сооттолгон күрмөлөрдү жана камфуляж формаларды тапканын айтышкан.