27-февралга карата аба ырайы

27-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Жума күнү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас чөлкөмүндө 1…6, Ысык-Көл облусунда 2…7, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 8…13 градус жылуу болсо, Нарын өрөөнүндө -1…-6 градус суук болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 4…6, Ош шаарында 10…12 градусту түзөт.
Күн алыс жаан-чачын күтүлөт. Бир аптага карата аба ырайынын божомолу