Кыргызстанда 2022-жылы кабыл алынган жер мунапысы документсиз жашап келген жарандардын жер тилкелерин мыйзамдаштырууга багытталган. Натыйжада миңдеген адамдар менчик укугун расмий каттоодон өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алышкан.
Бирок акыркы учурда мунапыска берилген айрым жерлерге арест коюу маселеси коомчулукта талкуу жаратууда. Адистердин айтымында, эгер жер тилкесине байланыштуу соттук талаш же укуктук тактоо жүрүп жатса, мыйзам чегинде чектөө киргизилиши мүмкүн.
Бул тема “Ачык кеп” программаларынын алкагында Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаментинин директорунун орун басары Чыңгыз Кемелбеков жана Жер агенттигинин жер кадастры, каттоо жана чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башкы адиси Ринат Алыкулов менен талкууланды.