Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Кимде-ким элдин тынчтыгын бузса аёосуз жазасын алат. Ага акылыбыз да, күчүбүз да жетет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп жатып билдирди.Ага УКМКнын мурдагы жетекчиси, досу Камчыбек Ташиев экөөнүн ортосунда пайда болгон ажырым тууралуу собол узатылып, көпчүлүктө тынчсыздануу, санааркоо бар экенин белгилеген."Бул маселени трагедия кылыштын кереги жок. Мурдагыдан дагы жакшы болот. Жашоо токтоп калбайт. Бир досум кетсе, артымда жети миллиондон ашуун досум бар. Мага баарынан жалпы элибиз жана куттуу мамлекетибиз кымбат", — деген ал.Президент кимде-ким элдин тынчтыгын бузса аёосуз жазасын аларын, ички жана тышкы саясат өз нугу менен улана берерин белгилеген.
Чыңгыз Ажибаев Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары кызматын тапшырды. Бул тууралуу жыйында төрага Марлен Маматалиев билдирди."Чыңгыз Иляскожоевич менен VII чакырылышта жакшы иштештик. Спикер болгондон кийин 10 күндөй иштешип, кыска убакытта өзүн кесипкөй катары көрсөттү. Аны башка тармакта ийгиликтер күтүп турат деп ишенем", — деди ал.Анын ордуна жаңы вице-спикерди шайлоо күн тартибине киргизилди.Эске салсак, кечээ Ажибаев мандатын тапшырды деген сөз интернет аймагына тараган. Депутатка чалып сураганыбызда маалымат так эместигин, азырынча андай чечим чыга электигин билдирген эле.
Мэрияга караган Транспорт департаменти Бишкектеги автобустардын каттамы кандай өзгөрөрүн Sputnik агенттигине түшүндүрүп берди.Эскерте кетсек, буга чейин ордо калаадагы 72 каттамдын баарынын маршруту өзгөрөрү айтылган болчу. Мэрия мындан каттамдар ортосундагы убакыт кыскарарын белгилеген.Департамент жетекчисинин орун басары Алмаз Алымбековдун айтымында, автобустардын бардыгы негизги көчөлөр менен жүргөндүктөн, коомдук транспорт тыгындын негизги себеби болууда. Эми жарымынын схемасы өзгөрүп, коомдук транспорттун көбү түз жана айлампа менен жүрмөкчү. Каттамдарды төмөнкүдөй кылып бөлүштүрүү каралып жатат: автобустар шаарды аралап кыдырбай түз-түз кетет; калаанын четин камтыган чоң айланма маршрут болот; негизги көчөлөргө жанаша кеткен маршруттар ачылат; учурда иштеп жаткан 72 каттамдын дээрлик теңи өзгөрөт; автобустар жайкы эс алуу маалында жаңы схемага өтөт; сөзсүз түрдө бир жолу транспорт которууга туура келет; бир саат ичинде коомдук транспорт алмаштырса, экинчисин акысыз кылуу боюнча сунуш каралууда. Мэрия 625 кичи көлөмдүү жаңы автобус сатып алды.
АКШнын желеги менен Кубанын аймагына кирген катер чек арачыларга ок чыгарган. Бул туурасында РИА Новости аталганган өлкөнүн ИИМине таянып кабарлады.Анын кесепетинен кубалык кеменин командири жаракат алган.Министрликтин маалыматында, катерди эртең менен Вилья-Клара провинциясындагы Эль-Пино каналынын түндүк-чыгышынан табышкан. Аны Кубанын Ички иштер министрлигинин чек ара аскерлеринин беш кишиден турган бөлүгү тоскон. "Чоочун катерден кубалык кызматкерлерди көздөй атышкан. Чет элдиктердин төртөө жок кылынып, алтоо жаракат алган. Атышууда жарадар болгондор эвакуацияланып, медициналык жардам көрсөтүлдү", — деп маалыматта айтылат.New York Times өзүнүн маалымат булактарына таянып, Кубанын суусуна Американын желеги менен кирген кеме күч түзүмдөрүнө жана Жээкте көзөмөл кылган полициясына да карабагандыгын жазган. Жаңжалга кабылган судно балык уулагандардыкы болсо керек дешкен.