Кыргызстанда Органикалык айыл чарбасынын улуттук күнү белгиленет — максаты кандай?

Sputnik
Кыргызстанда Органикалык айыл чарбасынын улуттук күнү белгиленет. Президент Органикалык айыл чарбасынын улуттук күнү жөнүндө жарлыкка кол койду. Ага ылайык мындан ары жыл сайын сентябрь айынын акыркы жума күнү өлкөдө органикалык өндүрүштү өнүктүрүүгө арналган улуттук күн белгиленет. Бул чечим айыл чарба тармагын өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо, жаратылыш ресурстарын сактоо жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу багытындагы мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү саясаты тууралуу Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору Муктар Чыналиев айтып берди.