Министр Таалайбек Ибраев энергетика тармагында энергетиктер, электриктер, ширетүүчүлөр, электр жабдууларын тейлөөгө адистешкен техникалык кадрлар абдан маанилүү экенин айтып, жаштарды ушул багытта билим алууга үндөдү.Ибраев өлкөнүн энергетика тармагы реформаланып, инфраструктуралык долбоорлор ишке ашып жатканын белгилеген. Мындан улам энергетика тармагында квалификациялуу кадрларга муктаждык күч экенин, мындан ары да күчөй берерин кошумчалады. "Бул адистерсиз жаңы ГЭСтердин, электр тармактарынын иши мүмкүн эмес. Туруктуу, жакшы жумушту кааласаңыздар энергетика тармагы сиздер үчүн чоң мүмкүнчүлүк берет. Энергетика — өлкөнүн жүрөгү, ансыз өнүгүү жок. Өлкөдөгү профессионалдык жогорку окуу жайларынан сапаттуу билим алып, практикадан өтөсүздөр. Ар бир бүтүрүүчүнү иш менен камсыздоого даярбыз", — деди Ибраев. Министр мектепти аяктап жаткандарды терең ойлонуп кесип тандоого чакырды.
Автоунааларды кайра каттоо 1-апрелден тарта "Түндүк" аркылуу онлайн жүргүзүлөт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.Аткаминер Ош шаарына барып, унааларды каттоо борборунун ишин көргөн. Анын айтымында, унааларды алып-сатууну онлайн жүргүзүүгө болот.Туманбаев ошондой эле мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү жыл соңуна чейин алмаштырууга болорун, бул кызмат да аралыктан жеткиликтүү экенин кошумчалады. Мындан тышкары, документтерди жана номерди үйгө чейин жеткирип берүү кызматы ишке кирет.Эскерте кетсек, буга чейин министрлер кабинетине карап келген Транспорттук каражатты жана айдоочулук курамды каттоо мекемеси жыл соңу менен президенттин алдындагы мамлекеттик борбор болуп кайра түзүлүп, өлкө башчынын иш башкармалыгы тескемей болгон.
Албанияда өтүп жаткан Muhamet Malo 2026 деп аталган күрөш боюнча турнирдин кечээки күнүндө кыргызстандык спортчулар бир алтын жана бир күмүш медаль утту. Эрназар Акматалиев америкалык Алек Панталеону 3:2 эсебинде жеңип алды. Буга чейинки жарым финал үчүн кармашта акыркы төрт секундада атаандашын жеңип алганга үлгүрүп, көптөрдү таң калтырган. Ал эми экинчи балбан Орозбек Токтомамбетов финалдык беттешке чыгып күмүш утту. Чемпиондук үчүн ирандык Юнес Эмами менен күч сынашып, жеңилип калды. Албаниядагы Бириккен күрөш дүйнөсүнүн бул эл аралык турнири 1-мартта аяктайт. Ага күрөш боюнча төбөсү көрүнгөн кыргызстандык спортчу кыз-жигиттердин көбү катышмакчы.
Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүп, согуш жыл соңуна чейин бүтөт деп ишенип турганын айткан. Бул туурасында Axios порталы жазды. Экөөнүн Давостогу жолугушуусунан кийин бул сүйлөшүү жарым саатка чукул созулганын айтышты. "Зеленский жаңжал быйыл аяктаарына үмүт кылып жатканын айтса, Трамп согуш өтө эле созулуп кеткендигин жана ал бир айда бүтүп калышын каалаганын белгилеген", — деп бул сүйлөшүүдөн кабары бар адамдар билдирген