Альтернативдик кызмат кимдер үчүн? Жол-жобо, шарт жана баа маселеси

Sputnik
Кыргызстанда аскерге чакыруу, альтернативдик кызмат өтөө жана мобилизациялык резервге байланышкан маселелер акыркы мезгилде коомчулуктун активдүү талкуусуна түшүүдө. Айрыкча альтернативдик кызматтын жол-жобосу, аны кимдер жана кандай шартта өтөй алары, ошондой эле акчалай төгүмдөрдүн көбөйүшү жарандар арасында суроолорду жаратууда.
Бул теманын алкагында альтернативдик кызматтын укуктук негиздери, төлөмдөрдүн жаңы өлчөмдөрү, айып пулдардын жогорулатылышы жана аскерге чакыруунун тартиби тууралуу кеңири сөз болду. Ошондой эле Кыргызстанда жашаган ар түрдүү этностук жамааттардын өкүлдөрүн аскердик кызматка тартуу, түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана кызматтын аброюн жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.“Күн башат” программасынын алкагында Коргоо министрлигинин Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын альтернативдик кызматты өтөөнү контролдоо бөлүмүнүн башчысы, подполковник Мырзабек Алымбаев аталган маселелер боюнча кеңири маалымат берди.