Жогорку Кеңештин эки тармактык комитетине жаңы жетекчилер шайланды

Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңеште эки тармактык комитетке жаңы жетекчилер шайланды.
Сүйүн Өмүрзаков Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетке төрага болду. Ал эми Гүлкан Молдобекова Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иши жана социалдык маселелер боюнча комитетти жетектейт.
Белгилей кетсек, бүгүн депутаттар Болотбек Борбиев менен Гүлсүнкан Жунушалиева аталган комитеттердеги төрагалыгын ыктыярдуу тапшырып беришкен.
Жогорку Кеңеш президент сунуштаган эки министрге макулдук берди