Маалымат борбор

Соцтармактагы жаңылыктын окумдуулугу эмнеден көз каранды? Мастер-класс

Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Социалдык тармактардагы жаңылыктын окумдуулугу эмнеден көз каранды экенин журналист Айдай Манаева Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн SputnikPro агартуу долбоорунун алкагындагы мастер-класста айтып берди.
Кабарчынын айтымында, маалыматтын көптүгүнөн ЖМКлардын арасында атаандаштык күч. Редакциялар окурмандын көңүлүн буруу үчүн эмоция жараткан аталыштарды колдонушат. Манаева атайын кызматтын пресс-релизин мисал келтирген. Анда Өзгөндө милиция кызматкерлери кызды сойкулукка кантип мажбурлашкандыгы тууралуу сөз болгон. Редакция маалыматтын өзөгүн алдыга чыгарып, "Милиция жашы жете элек кызды эмне кылууга мажбурлаган?"деген интрига жараткан аталышты колдонгон. Натыйжада материал 50 миң көрүү топтогон.
Ал соттун чечими чыкканга чейин адамды кылмышкер деп айтууга болбой турганын катышуучулардын эсине салды. Ошондуктан текстте маалымат булагы сөзсүз көрсөтүлүп, "шектелүүдө", "ведомствонун маалыматы боюнча" сыяктуу сөздөр колдонулат.
Башка ийгиликтүү кейстердин катарында "Мындай Айгүл Жапарованы эч ким көргөн эмес!", "Бишкекте жаңы каарман пайда болду", "Бишкектеги кинотеатрда күтүүсүз окуя болду", "Биволдун жаңы сүйүктүүсү кыргызстандыктарды кантип таң калтырды" деген аталыштар да белгиленди.
Натыйжада катышуучулар жаңылыктын окумдуулугунун 99 пайызы аталыштан көз каранды экенин, кыска хронометраж көрүүлөрдү көбөйтөрүн, аудитория юморду баалап, эксклюзивдүүлүк кызыгууну арттырарын белгилешти.
SputnikPro — бул өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖдордун студенттери менен бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларында башталып, Беларусь, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.
2018-жылдан бери бет маңдай жолугушуулар 24 өлкөдө жана 80ден ашуун онлайн режиминде өткөрүлдү. SputnikPro катышуучуларынын саны 12 700дөн ашат.
Маалымат борбор
Мазмундуу маек курууга эмне жардам берет? Жаш журналисттерге адистен кеңеш