БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. ЕАЭБде мыйзамсыз интернет-контентке каршы күрөш күчөтүлөт.
Интернет-ресурстардын кожоюндарын мындай материалдарды соттун чечиминин негизинде бөгөттөөгө милдеттендирүү каралууда. Ошол эле учурда мүчө мамлекеттер кошумча чараларды кабыл алууга укуктуу.
Бардык өлкөлөр долбоорду ички макулдашуудан өткөрүштү, эми документке кол коюлушу керек.
Келишим автордук укук ээлеринин кызыкчылыгын камсыздап, түшүнүктүү эрежелерди киргизүүгө шарт түзөт.