БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Таласта милиция кызматкери түркиялык инвестордун 35 миң долларын алдап кетүүгө шектелип жатат. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Э.М. чет өлкөлүк ишкер менен уругунун бир килограммы 3 миң доллар турган ит жүзүмдү өстүрүп, андан ары Түркияга экспорттоо боюнча макулдашкан. Бирок орган кызматкери убадасын аткарбай, алган акчасын да кайтарбай кеткен. Инвестор 2025-жылы милицияга арыз жазган, бирок иш козголгон эмес. Мындан улам УКМКга кайрылууга аргасыз болгон.
24-февралда Э.М. Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, Талас ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.