БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Талант Дүйшөбаев Франциянын гандбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Гандбол боюнча эл аралык федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал команданы 13 жана 17-майда өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу раундунда Чехиянын курама командасына каршы оюндарга даярдайт. Дүйшөбаев Франция курама командасындагы ишин Польшанын "Кельце" клубундагы иши менен айкалыштырат.
"Спортчу — Франциянын эркектер курама командасынын тарыхындагы он үчүнчү башкы машыктыруучу. Акыркы 25 жылда бул кызматка дайындалган төртүнчү адис болду. Ага чейин бул кызматты Клод Онеста, Дидье Динар жана Гийом Жиль аркалап келишкен", — деп айтылат маалыматта.
Талант Дүйшөбаев — гандбол тарыхындагы эң күчтүү оюнчулардын бири. Ал СССРдин, КМШнын, Россиянын жана Испаниянын курама командаларында ойногон. 1994 жана 1996-жылдары дүйнөнүн эң мыкты гандболчусу деп табылган. Машыктыруучу катары төрт жолу Чемпиондор лигасын жеңип, башка да бир катар маанилүү сыйлыктарды багындырган.