БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Социалдык тармактарда кандай өңүттөгү маалыматтар бөгөттөлөрүн Sputnik агенттигинин журналисти Айдай Манаева айтып берди.
Ал SputnikPro билим берүү долбоорунун алкагындагы мастер-класста сүйлөдү.
Иш-чаранын катышуучуларына соцмедиада ири редакциялар дагы блокко түшүп же башка чектөөлөргө кабылары тууралуу маалымат айтылды.
Алгоритм өткөрбөй турган кадрлар:
куралдын бардык түрү;
жаныбарларды кордоо;
кан, өлүк;
балдарга карата зомбулук;
рулдагы өспүрүмдөр;
эмгектин авторун көрсөтпөстөн жарыялоо;
дрифт, ашып өтүү, жол кырсыкка кабылуу учуру;
мушташ;
сексуалдык мүнөздөгү кадрлар, бети жабылса дагы.
Блокко түшүрө турган сөздөр:
экстремисттик уюмдардын аталыштары;
сөгүнүү;
суицид;
баңгизат, марихуана, героин, спайс (тыюу салынган каражаттар);
жиликтөө, теракт;
зордуктоо.
Блоктолгон учурда журналисттерге системанын билдирүүлөрүн кылдат окуп чыгып, апелляцияларды туура толтуруу сунушталат.
SputnikPro — бул Sputnik агенттиги демилгелеген медиа тармагындагы эл аралык билим берүү долбоору. Бул журналисттерге, маалымат катчыларга, блогерлерге жана жогорку окуу жайларынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн жогорку курстарынын студенттерине арналган эң мыкты россиялык жана чет элдик медиаменеджерлердин, адистердин жана Sputnik агенттигиндеги белгилүү адистердин уникалдуу семинарларынын, лекцияларынын жана мастер-класстарынын системасы.
2018-жылдан бери офлайн форматтагы жолугушуулар 24 өлкөдө, ал эми онлайн 80ден ашык өлкөдө өттү. SputnikPro катышуучуларынын саны 12 700дөн ашат.