БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Россия президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкойду кабыл алды. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" кабарлады.
Жолугушууда кыргыз-орус мамилелерин маданий-гуманитардык тармакта чыңдоо маселелери жана келечеги талкууланган.
"Садыр Жапаров 2025-жылы Кыргызстанда Россиянын маданият күндөрү ийгиликтүү өткөнүн канааттануу менен белгилеп, жакынкы арада Москвада ачыла турган Кыргыз илим жана маданият үйү ортодогу алаканы мындан ары да чыңдоого өбөлгө болоруна ишенимин билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Президент үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөрүн айтып, Россиянын командасын бул иш-чарага активдүү катышууга чакырды.
Ал эми Швыдкой Жапаровго РФ президенти Владимир Путиндин жылуу саламын жана эң жакшы каалоолорун жеткирди. Ал ошондой эле Кыргызстан анын мекени экенин жана өнүгүүсүнө тыкыр көз салып турарын кошумчалаган.