Арабадан башталган оркестр: Петр Шубиндин кыргыз музыкасы үчүн жасаган эмгеги

Мектептен 85 жыл ичинде жүздөгөн залкар тарбияланып чыкты.
Sputnik
1928-жыл. Петр Шубин Москвадан Кыргызстанга өкмөттүн тапшырмасы менен келет. Бирок ал кабинетте отуруп иштеген эмес. Арабасын айдатып, тоо-ташты кыдырып, эл арасынан жөндөмдүү музыканттарды издеген. Атай, Карамолдо сыяктуу өнөрпоздорду чогултуп, нота үйрөтүп, кыргыз музыкасын жаңы баскычка көтөргөн.
Шубин Абдылас Малдыбаев менен бирге музыка жазып, күүлөрдү иштеп чыккан. Республикада биринчилерден болуп элдик музыкалык аспаптар оркестрин уюштурган.
"Пётр Шубин кыргыздын 80ге жакын обонун аспапка, фортепианого салган. Улуттук үч кылдуу комузубузду оркестрге үч регистр болушу үчүн прима, альт, бас кылып бөлгөн. Кыякты да бөлгөн. Анан ошончо кишиге мугалим болуп, нота үйрөтүп, оркестр түзгөн. Советтер Союзу убагында 1939-жылы биринчи жолу кыргыз музыкалык искусствосунун декадасы өтүп, Сталин өзү залда кол чаап отурган. Биздин оркестр абдан чоң ийгилик менен кайткан", — деди Петр Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинин директору Гүлзинат Суранчиева.
Бүгүн Пётр Шубиндин атын алып жүргөн Борбордук балдар музыкалык мектеби өлкөдөгү эң алгачкы музыкалык билимдин булагы. 85 жыл ичинде бул мектептен жүздөгөн залкарлар тарбияланып чыккан.