БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Агартуу министрлиги депутат Дастан Бекешевдин мектеп формасы боюнча сунушуна жооп берди.
Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда мектеп формасы классикалык стилге ылайык болушу керек. Өкмөт бул токтомду 2015-жылы кабыл алып, анда кийим мектептеги шартка жана температурага ылайык келиши керектиги айтылган. Ошондой эле мекеме бирдиктүү форма балдардын ортосундагы социалдык айырмачылыкты азайтып, материалдык абалга жараша басымды алдын аларын белгилеген.
"Бирдиктүү мектеп формасы жөнүндө нормативдик-укуктук актыны иштеп чыгууда бардык кызыкдар тараптар: ата-энелер, окуучулар, эксперттер жана коомчулуктун башка өкүлдөрү тартылган", — деди министрликтин тарбиялоо жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Эркимбеков.
Ал министрлик диалогго, талкууга ачык экенин белгиледи.
Буга чейин Дастан Бекешев окуучулардын мектепке smart casual стилинде кийинип келишине уруксат берүүнү сунуштаган. Ал аймактардагы окуучулар бирдиктүү форманын ыңгайсыз экендигин айтып кайрылып жатканын кошумчалаган эле.