БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстан Швейцарияда бир катар өлкөлөрдүн башкы дипломаттары үчүн сый тамак уюштурду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуу орозонун урматына жана БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 61-сессиясынын алкагында өткөн. Ага Швейцария, Камбоджа, Исландия, Палестина, Индонезия, Куба, Андорра, Мальдив аралдары, Түштүк Африка Республикасы, Словения, Грузия, Конго, Ливан, Сан-Марино мамлекеттеринин өкүлдөрү катышты.
"Жаңжалдар, гуманитардык кризистер күчөп, климат өзгөрүп жатканда БУУ дүйнөдө адам укуктарынын бузулушун алдын алуунун жана диалог жүргүзүүнүн эң маанилүү куралы болуп кала берет", — деди Кулубаев.
Министр ошондой эле Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан лидерлеринин саясий эркинин аркасында Фергана өрөөнүндөгү көп жылдык чек ара маселеси жөнгө салынганын, бул Борбордук Азияда коопсуздукту, ишенимди жана диалогду чыңдоого негиз болгонун белгиледи. Ал ошондой эле катышуучуларды быйыл өтө турган кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, 2027-жылы өтчү Экинчи глобалдык тоо саммитине чакырды.