Башкы прокурордун мурдагы орун басары 12 жылга кесилип, мүлкү мамлекетке өттү

Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу 12 жылга кесилип, болгон мүлкү мамлекетке өттү. Бул тууралуу Аламүдүн райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ага 2024-жылы бийликти кулатуу максатында массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү боюнча айып тагылган. Сот ушул иш менен кармалган дагы сегиз адамга өкүм чыгарып, 8 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратты.
Милициянын айтымында, алар жергиликтүү кеңештерге шайлоо күнү башаламандык уюштурууну пландашкан. Адыл Кубан уулу топту каржылап, күч органдарынын аракетин көзөмөлдөп, бийликти басып алууга даярданган топту координацияламак. Аны менен кошо кармалган алты адам бул ишке күчтүү, атайын даярдалган адамдарды тандап, аларды машыктырып, спорттук оюндарды каржылоо милдетин алышкан.
Токмоктун мурдагы мэри коррупцияга айыпталып, 13 жылга кесилди