Бишкекте соцтармактагы контентти илгерилетүү боюнча мастер-класс өттү. Видео

Sputnik Кыргызстандын SMM-адиси Эркеайым Бегалиева жана журналист Айдай Манаева Бишкек шаарындагы эки жогорку окуу жайдын студенттерине мастер-класс өтүштү.
Sputnik
Иш-чара SputnikPro агартуу долбоорунун алкагында Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда уюштурулду.
Спикерлер камтууну көбөйтүү, трендден калбай иштөө жана кыска, кызыктуу текст жазуу тууралуу айтып беришти.
SputnikPro — бул өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖдордун студенттери менен бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларында башталып, Беларусь, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.
2018-жылдан бери бет маңдай жолугушуулар 24 өлкөдө жана 80ден ашуун онлайн режиминде өткөрүлдү. SputnikPro катышуучуларынын саны 12 700дөн ашат.