Жогорку Кеңеш президент сунуштаган эки министрге макулдук берди

Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Садыр Жапаров эки министрликке сунуштаган талапкерлерди жактырды.
Эрлист Акунбеков министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгы менен кошо Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигин жетектейт. Ал эми Дамирбек Осмонов саламаттык сактоо тармагын тескейт.
Эске салсак, кечээ аталган кызматты аркалаган Бакыт Төрөбаев отставкага кеткен. Ошондой эле Каныбек Досмамбетов да өз каалоосу менен саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулган.
Алмасбек Абытов Жогорку Кеңештин аппаратын тескемей болду