БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Дастан Бекешов Жогорку Кеңеште окуучулардын мектепке smart casual стилинде кийинип келишине уруксат берүүнү сунуштады.
Депутаттын айтымында, учурдагы форма ыңгайсыз. Эл өкүлү ага өлкөнүн региондорунан окуучулар кайрылып жатканын белгиледи.
"Биз балдардын пикирин укпай жатабыз, өзүңөр да сурап көрсөңөр болот. Бардык эле мамлекеттерде окуучулар биздикиндей костюм кийишпейт. Аймактардан ысыкта, суукта, жаанда мындай кийим абдан ыңгайсыз экенин айтып жатышат. Балдарыбыз кыйналууда", — деди депутат.
Ал мектеп формасын биротоло жоюп салууну эмес, талаптарды жумшартууну сунуштап жатканын белгиледи.
"Эмнеге окуучу футболка, кофта же жинсы кийип келе албайт? Изилдөөлөр ден соолук үчүн спорттук кийим абдан пайдалуу экенин аныктаган, бирок мен андай нерсе сунуштаган жокмун. Келгиле, жок дегенде smart сasual стилине уруксат берели", — деди Бекешев.
Smart сasual (смарт-кэжуал) — жумушчу жана күнүмдүк гардеробдун элементери айкалышкан стиль.