БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Россия АКШ жана Европага көрсөткөн каршылыгы менен Батыштын үстөмдүгүнө сокку урду. Бул тууралуу Колумбия университетинин профессору Жеффри Сакс YouTube-каналдын эфиринде билдирди.
Ал Украинадагы жаңжалды АКШ менен Европа тутантканын белгилеген.
"Россия 2014 жана 2022-жылдары АКШ менен Европанын кыйратуучу кысымына туруштук берди, мындан Батыштын канчалык алсыз экени көрүнүп калды. Ушул нерсе Батыш саясатчылары үчүн согуштук аракеттерди улантууга себеп болду. Мында окуянын жүрүшүнө таасир эткен чыныгы күнөөлүүлөрдүн бири — Борис Жонсон. Ал маектеринин биринде 2022-жылдын жаз айларында Украинага Россия менен тынчтык келишимин түзүүгө жол бере албаганын, анткени бул Батыштын үстөмдүгүнө коркунуч жаратмактыгын билдирген", — деди ал.
Сакстын пикири боюнча, батыш саясатчыларынын Россияга карата кастык мамилеси дүйнөгө үстөмдүк кылуу каалоосу менен түшүндүрүлөт.
"Учурда европалыктар АКШ мындан ары дүйнөгө Батыштын үстөмдүгүн орнотууга ниет кылбай калса "аны өзүбүз ишке ашырабыз" деген жаңылыш ойдо жүрүшөт. Ушундан улам дагы Германия, Франция жана Улуу Британиянын Россия менен каршылашуусу узакка созулууда", — деди эксперт.
РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров декабрь айында Федерация кеңешиндеги өкмөттүк сааттын жыйынында Европа Украинадагы абалды дипломатиялык жол менен жөнгө салуунун ордуна создуктурууга аракет кылып жатканын билдирген. Анын айтымында, Брюссель Владимир Зеленскийди акыркы украиналык калгыча согушууга үндөп жатат.