БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Орто Азиянын өлкөлөрү согуштагыларга жан аябай жардамын жөнөтүп турган. Тарыхка кайрылсак, советтик информбюронун Өзбекстандан барган 140 вагондук жардамы туурасында кабарлаганы бар.
"1942-жылдын 25-февралында Өзбекстандын эмгекчилери Кызыл Армиянын 24 жылдыгына карата жоокерлерге, командирлерге жана саясий кызматкерлерге 140 вагон белек-бечкек жөнөтүшкөн", — деп айтылат анда.
Адамдар азык-түлүк, таттууларды, тиричилик буюмдарын, жөн гана ырларды жана сүрөттөрдү, айтор, колунда болгон нерселерин жөнөтүп турган. Бул ошол Улуу согуштун масштабы боюнча салыштырмалуу анча чоң эмес, бирок абдан таасирдүү учурлардын бири болгон
Кызыл Армия үчүн белек-бечкек чогултуу бүтүндөй зор өлкөнү аралаган элдик чоң кыймылга айланган. Аскерлерге арналган буюмдар темир жол аркылуу Ташкенттен, Фрунзеден (Кыргызстандан) жана Бакудан (Азербайжандан), Еревандан (Армяндардан) жана Челябинскиден, Абакандан жана Москвадан агылып барып турган. Кол менен чогултулуп, таңгакталган миллиондогон мындай буюмдар Мекен коргоочуларына жөнөтүлгөн.
Орто Азиянын советтик социалисттик республикаларынын эли фронтко жардам гана жөнөтүп тим болбостон, эвакуацияланган балдарды да тарбиялап, чоңойтушкан. Тарыхый материалдарда ал бөбөктөрдү өлүмдөн, ачкалыктан алып калганы таасын жазылган.