Жогорку Кеңеште эки тармактык комитетке жаңы жетекчилер шайланды. Сүйүн Өмүрзаков Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетке төрага болду. Ал эми Гүлкан Молдобекова Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иши жана социалдык маселелер боюнча комитетти жетектейт. Белгилей кетсек, бүгүн депутаттар Болотбек Борбиев менен Гүлсүнкан Жунушалиева аталган комитеттердеги төрагалыгын ыктыярдуу тапшырып беришкен.
Агартуу министрлиги депутат Дастан Бекешевдин мектеп формасы боюнча сунушуна жооп берди.Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда мектеп формасы классикалык стилге ылайык болушу керек. Өкмөт бул токтомду 2015-жылы кабыл алып, анда кийим мектептеги шартка жана температурага ылайык келиши керектиги айтылган. Ошондой эле мекеме бирдиктүү форма балдардын ортосундагы социалдык айырмачылыкты азайтып, материалдык абалга жараша басымды алдын аларын белгилеген. "Бирдиктүү мектеп формасы жөнүндө нормативдик-укуктук актыны иштеп чыгууда бардык кызыкдар тараптар: ата-энелер, окуучулар, эксперттер жана коомчулуктун башка өкүлдөрү тартылган", — деди министрликтин тарбиялоо жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Эркимбеков. Ал министрлик диалогго, талкууга ачык экенин белгиледи. Буга чейин Дастан Бекешев окуучулардын мектепке smart casual стилинде кийинип келишине уруксат берүүнү сунуштаган. Ал аймактардагы окуучулар бирдиктүү форманын ыңгайсыз экендигин айтып кайрылып жатканын кошумчалаган эле.
Талант Дүйшөбаев Франциянын гандбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Гандбол боюнча эл аралык федерациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, ал команданы 13 жана 17-майда өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу раундунда Чехиянын курама командасына каршы оюндарга даярдайт. Дүйшөбаев Франция курама командасындагы ишин Польшанын "Кельце" клубундагы иши менен айкалыштырат. Талант Дүйшөбаев — гандбол тарыхындагы эң күчтүү оюнчулардын бири. Ал СССРдин, КМШнын, Россиянын жана Испаниянын курама командаларында ойногон. 1994 жана 1996-жылдары дүйнөнүн эң мыкты гандболчусу деп табылган. Машыктыруучу катары төрт жолу Чемпиондор лигасын жеңип, башка да бир катар маанилүү сыйлыктарды багындырган.