Медициналык камсыздандыруу полисин алган жарандарга дагы кандай жеңилдетилген кызматтар кошулат?

Sputnik
Кыргызстанда калктын саламаттыгын коргоодо маанилүү ролду аткарган түзүмдөрдүн бири —Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду. 2025-жылы фонд медициналык кызматтарды каржылоо, жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу жана жарандардын кайрылуулары менен иштөө багытында бир катар иштерди жүргүздү. Милдеттүү камсыздандыруу системасындагы көйгөйлөр, жеңилдетилген кызматтар тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Медициналык камсыздандыруу программаларынын ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Жыпара Азизбекова айтып берди.